Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПервый снег в Москве
Первый снег в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. 10-ноябрда республиканын тоолуу аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +5…+10 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +4…+9 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +8…+10, Ош шаарында +9…+11 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0