Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөгүчкөндөр. Архив
Көгүчкөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 8-ноябрда өлкө аймагында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бейшемби, 8-ноябрда республика боюнча жаан-чачын болушу ыктымал. Тоолуу аймактарда жамгыр карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2 +7, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1 +6 градус жылуу болот. Ал эми Нарын жана Ысык-Көл аймактарында күндүн табы 0 +5 градуска чейин жетет.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Ош шаарында +3 +8, борбор калаада +4 +6 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0