Буларга эмне болду? КРде уйлар жылдан-жылга сүттү аз бере баштады

Жазылуу
Былтыр бир уй орто эсеп менен 1 984 килограмм сүт берген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда уйлардын сүттүүлүгү жылдан-жылга азайып бара жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Мисалы, 2013-жылы бир уй 12 айдын ичинде 2013 килограмм сүт берген болсо, бул көрсөткүч жыл сайын төмөндөп отуруп, былтыр араң өсүү жолуна түшүп 1 984кө жеткен.

Бирок сүттүн көлөмү өлкө боюнча мурдагы жылдарга караганда көбөйүп калды. Буга саан уйлардын санынын өсүшү себеп болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0