Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында күн ачык болот.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. 5-ноябрь, дүйшөмбүдө республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Аба температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +6…+11 градус жылуу болсо, Талас өрөөнүндө +5…+10 градус, Ысык-Көлдө +4…+9 Нарын аймагында +2…+7 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +8…+10 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0