Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын бийик тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 0…+5 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +2…+7 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт, абанын температурасы күндүзү +5…+7 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0