Дем алыш күндөргө карата аба ырайынын божомолу

Жазылуу
Бишкек менен Ош шаарларында дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өлкө аймагында 3-4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшүшү мүмкүн.

4-ноябрда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек менен Ош шаарларында дем алышта күн ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0