Кожотаева: телевидениеде иштейм деп чоң кызматтан баш тарткам

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Нурила Кожотаева
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Нурила Кожотаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Нурила Кожотаева кыргыз телевидениесинин ачылышы менен куттуктап эфирге чыккан алгачкы тележурналист болгон.
Кожотаева: телевидениеде иштейм деп чоң кызматтан баш тарткам

1958-жылы 1-курстун студенти кезимде "көгүлтүр от" деген аталыш менен кыргыз телевидениеси эфирге чыкты. Мен анда алгачкы алып баруучу болуп, элди эки ооз сөз менен куттуктадым. Кийинчерээк телевидениеде иштейм деп,  БСЛКЖСтин (ВЛКСМ) Борбордук кемитетине  III катчы болуудан баш тарткам. Бул тууралуу Нурила Кожотаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз теле радио коррпорациясында 40 жыл эмгектенген.

"Атам согуштан каза болуп, жетим чоңойдум. Менин телевидениеде иштеп калышыма жазуучу Зияш Бектенов себепкер болгон. Алар окуу жайларды кыдырып, келечектеги журналисттерди чогултуп жүрүшкөн экен. Мени студияга алып келишип,Жайылова деген эженин колуна тапшырышты. Өзү татынакай, орус, кыргыз тилдеринде эркин сүйлөгөн ал эже мени экранга чыкканга даярдай баштады. Көп өтпөй кыргыз телевидениеси алгачкы эфирин баштап, көрүүчүлөрдү анын ачылышы менен куттуктап Болот Шалтаев жана үч студент кошулуп, төртөөбүз эфирге чыктык. Биз эфирде болгону куттуктоо айтып, үч сүйлөм сүйлөдүк. Аны тартууга Күлүйпа Кондучалова, Төрөбай Кулатов жана чет элден келген коноктор катышкан. Телевидениеде редакторлук ишти аркалап жүрүп, институтту аяктадым. Окуу жайда да активист студент болгондугумдан улам, мени комсомолдук ишти аркала, телевидениени ташта деп БСЛКЖСтин Борбордук кемитетине III катчысы кылып шайлап коюшту. Айдоочусу менен кызматтык унаа беришти. Жыйындарга барам,бүт ишти ошол катчы жасайт экен. Өзүм же орусчаны билбесем деп, ал кызматка кызыкпай койдум. Ошентип, кайрадан телевидениеге келип иштеп калгам", — деди Кожотаева. 

Ал учурдагы журналистикадагы эркиндикке суктанаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0