Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагына суук түшөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовПервый снег выпал в Бишкеке
Первый снег выпал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу унаа жол менен алыскы сапарга чыккандарга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, чынжырча, күрөкчө алып жүрүү сунушталат.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирмеге караганда, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрь күнү жаан жаап, 1-2-ноябрда карга айланышы күтүлөт. Ал эми тоо этектеринде катуу жаан жаайт.

1-3-ноябрларда өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаан карга айланабы? Бир жумага карата аба ырайы
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак болуп кар күрткүсү пайда болот.

Электр зымдарына суу кар жабышып үзүлүү коркунучун жаратат.

Тоолуу унаа жол менен алыскы сапарга чыккандарга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, чынжырча, күрөкчө алып жүрүү сунушталат.

Өзгөчө кырдаал болгон учурда 112 кызматына билдириңиз, чалуу акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0