Дем алыш күндөргө карата аба ырайы. Күн жайындагыдай ысыйт

Жазылуу
Ошол эле учурда тоолуу аймактарга кар түшүп, жолдор тоңуп, тайгалак болот.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстанда  келе жаткан ишемби, жекшемби күндөрү, 27-28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

27-октябрда түндө 5…10 градус жылуу болсо, күндүз күндүн табы 23…28 градуска чейин жете тургандыгы айтылды.

Таласта түндө 3…8 градус жылып, күндүз 22…27 градуска чейин ысыйт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 5…10 градус жылуу, күндүз 23…28 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көлдө түндө 1…6 градус жылуу болуп, күндүз 14…19 градус жылыйт.

Нарында түндө —1…-6 градус суук болуп, күндүз  +14…+19 градуска чейин жетет.

Снежная битва в парке имени Даира Асанова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар ноябрь айында беш күн катары менен эс алат
28-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Жекшембиде Чүй облусунда түндө 7…12 градус жылуу болуп, күндүз 18…23 градуска чейин көтөрүлөт.

Таласта түндө 5…10 градус жылып, күндүз 16…21 градуска чейин жогорулайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 7…12 градус жылуу болуп, күндүз 18…23 градуска дейре ысык болот.

Ысык-Көлдө түндө +2…+7, ал эми  күндүз +16…+21 градуска жетет.  Нарында түндө 0…-5 градуска чейин суук болуп, күндүз күндүн табы 16…21 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0