Батукаев, Көлбаев, Бокушев. ИИМ кылмыштуу топтун лидерлери тууралуу

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүИсправительная колония в Приморском крае
Исправительная колония в Приморском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтун 181 мүчөсү колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топторду ИИМ кантип көзөмөлдөп жатканын айтып берди.

Бүгүн министрликтин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрдү.

"Кыргызстанда үч уюшкан кылмыштуу топ бар. Аларды Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушев жетектейт. Батукаев Россияда жазасын өтөп жатат, Бокушев кылмыш дүйнөсүнөн алыстап кетти. Бирок топтун мүчөлөрү милиция тарабынан көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми Көлбаев менен анын кылмыштуу тобуна биз дайым көз салып турабыз", — деди Абдиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтун 181 мүчөсү колго түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0