Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. 20-октябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +6…+11 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11…+16, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +4…+9 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +12…+14 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0