Мамлекеттик ипотека берүүнү улантууга өкмөт дагы 500 млн. сом тапты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖилой дом для переселения по программе реновации в Москве
Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасы аркылуу жалпысынын 3,6 миллиард сом бөлүп, турак жай менен 3,5 миң үй-бүлөнү камсыз кылууга шарт түздү.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Мамлекеттик ипотеканы 2018-жылдын аягына чейин берүү үчүн өкмөт 500 миллион сом каражат тапты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ипотека берген банкттардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарты. Тизме
Жыл башында республикалык бюджеттен мамилекеттик ипотека үчүн 500 миллион сом бөлүнүп, тез эле түгөнүп калган. Июль айында дагы бир ирет бөлүнгөн жарым миллиард сом бир айга жетпей "ээсин" таап, кайра ушунча акча талап кылынган

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрүп, аны мындан ары каржылоо боюнча өкмөт дагы 500 миллион сом тапканын айтты.

"Бирок бул каражат дагы муктаж болгондордун бардыгынын суроо-талаптарын аткарууга жетпейт. Мындан ары пайыздык төлөмдөрдү төмөндөтүү механизмин иштеп чыгуу зарыл", — деди Абылгазиев.

Учурда пайыздык төлөм 8-10 пайызды түзөт.

Мамлекет аталган программага жалпысынын 3,6 миллиард сом бөлүп, турак жай менен 3,5 миң үй-бүлөнү камсыз кылууга шарт түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0