Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Республика боюнча 16-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө 0…+5, Талас өрөөнүндө +9…+14 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +8…+13, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10 градус жылуу болот.

Ош шаарында абанын температурасы +10…+12, Бишкекте +5…+7 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0