Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква во время дождя
Москва во время дождя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. 13-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +9…+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +12…+17 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күн бүркөк болуп, абанын температурасы Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +17…+19 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0