Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
11-октябрда республиканын айрым аймактарында жаан жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 11-октябрь, бейшембиде, республиканын айрым аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй жергесинде +12…+15, Таласта +8…+13 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +11…+16 градуска жетсе, Баткенде +13 +18 градус жылуу болору болжолдонду. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын аймагында +9…+14 градуска көтөрүлөт.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Бишкекте +15…+17, Ошто +12…+14 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0