Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОсень в Омской области
Осень в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Республика боюнча 9-октябрда көпчүлүк райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +8…+13 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +11…+16, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17 градус жылуу болот.

Ошто абанын температурасы +15…+17, Бишкек шаарында +11…+13 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0