Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековНадземный пешеходный переход возле рынка "Мадина"
Надземный пешеходный переход возле рынка Мадина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +15…+20 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19…+24, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +17…+22 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +17…+19, Ош шаарында +21…+23 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0