Базардагы соода түйүндөрүн өрттөн камсыздандыруу сунушталды. Мыйзам долбоору

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Исфана в Лейлекском районе Баткенской области
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документти кайталап сунуштоого акыркы учурлардагы ири өрттөр себеп болгон.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы базарлардагы сатуу түйүндөрүн камсыздандыруу боюнча кожоюндарын милдеттендирүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

ӨКМдин басма сөз кызматынын башчысы Элмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шерипова: сегиз айда республика боюнча үч миңге жакын өрт чыкты
ӨКМдин маалыматына караганда, 2013-2017-жылдары базарлардын аймагында 138 өрт чыккан. Анын кесепетинде 16 адам жабыркап, жалпы 929 миллион сомдук чыгым келтирилген.

Финансылык көзөмөл органынан билдиришкендай, ӨКМ буга чейин эле капиталдык курулуш, турак жана киши жашабаган имараттарды камсыздандыруу боюнча демилге көтөрүп чыккан. Бирок документ Жогорку Кеңештин кароосунан өткөн эмес.

Эске салсак, жыл башынан бери "Ош", "Мадина", сыяктуу бир нече ири базарда өрт чыккан.

Камсыздандыруунун тарифи өрт жана анын кесепеттерин эске алуу менен өкмөт тарабынан аныкталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0