Жекшембиге карата аба ырайы

© AFP / Francisco SecoДождь в Мадриде
Дождь в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-сентябрь, жекшембиде өлкө аймагында жамгыр жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 23-сентябрь, жекшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн +7… +12, күндүз +18… +21 градус жылуу болсо, Таласта түнкүсүн +10… +15, күндүз +20… +25, Нарын аймагында түнкүсүн +5… +10, күндүз +11… +18, Ысык-Көлдө түнкүсүн +7… +12, күндүз +11… +16 градус жылуу болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15 градус, күндүз күндүн табы +20… +25 градуска жетет.

Ош жана Бишкек шаарларында күн күркүрөп, мезгил мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы Ош шаарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +20… +25 градусту көрсөтсө, Бишкекте түңкүсүн +9… +11, күндүз +18… +20 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0