Жумага карата аба ырайы

© AP Photo / Michael ProbstСильный ветер во Франкфурте
Сильный ветер во Франкфурте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. 21-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19…+24, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +14…+19 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Бишкекте +18…+20 градуска жетсе, Ош шаарында +21…+23 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0