Тоолуу аймактарга кар жаайт! Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСтроительство альтернативной дороги север— юг в КР
Строительство альтернативной дороги север— юг в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта аягында айрым жерлерде абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет өлкө аймагы боюнча бир жуманын аба ырайы божомолун жарыялады. Бул күндөрү айрым аймактарга жаан жаап, тоолуу жерлерге кар жаашы күтүлүүдө.

17-18-19-сентябрда Кыргызстанда жаан чачын күтүлбөйт. Чүйдө күндүзү 23…28, Талас облусунда 21…26 градус жылуу болот. Ысык-Көл менен Нарын аймактарында бул күндөрү абанын температурасы 20…25 градусту көрсөтмөкчү.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 26…31 градуска чейин ысыйт.

Последствия сильного снегопада в долинах Ак-Сай и Арпа Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Ак-Сай жайлоосунда кар жаады. Сүрөт
20-сентябрда күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Таласта абанын температурасы 22…27 градус жылуу болуп, Нарында 21…26, Ысык-Көлдө 20…25 градусту түзөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 26…31 градуска ысыйт.

21-22-сентябрда айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп, абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0