Мектептен мечит, бакчадан тойкана көп. Кафе-ресторандардан канча салык түшөт?

© AFP / FRANK PERRYТамаш көтөрүп бараткан официант. Архив
Тамаш көтөрүп бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын астанасына кадам таштай электе эле кафелерге көз урунат. Андан ары жүрүп калааны кыдырсаңыз чайхана, бар, клуб, анан калса хан сарай сымал ресторандар кучагын жаят. Деген менен ал жерден нечендеген киши нанын таап жейт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү коомдук тамактануучу же болбосо көңүл ачуучу жайлардын эсебин тактап, алар казынага канча каражат төгүп жатканына кызыкты. Ал эле эмес, той-мааракеде кызмат кылгандардын да төлөгөн салыгын билүүгө мүмкүн болду. Статистикалык маалыматтар 2017-жылдын аягына карата алынган.

Мамлекеттик салык кызматынын берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2594 коомдук тамактануу жайы бар. Бул тизмеге чакан ашканадан тарта чайхана, кафе, ресторан, клубдарга чейин кирет. Мунун баары биригип өткөн жылы мамлекетке 239 миллион 35 миң сом салык төлөгөн.

Той-мааракелерде кызмат көрсөткөндөрдүн казынага төккөн салыгы
Мектептен мечит, бакчадан тойкана көп. Кафе-ресторандардан канча салык түшөт? - Sputnik Кыргызстан
Той-мааракелерде кызмат көрсөткөндөрдүн казынага төккөн салыгы

Эт көтөрүп бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майда, бирок маанилүү! Той өткөрөм дегендердин кулагына күмүш сырга
Ал эми той-мааракелерде кызмат кылган музыкант, тамада, бийчи, ырчы-чоорчу жана актердук топтор 808 патент алып, казынага 1 миллион 734,5 миң сом пайда келтирген.

Видеого тартуу жана үн жазуу кызматтары менен алектенгендерге былтыр 2 миллион 119,3 миң сомго 1518 патент берилген. Фотографтар болсо 2615 патент алып 3 миллион 946,2 миң сом салык төлөгөн.

Ар бир аймакка карата өзүнчө тарифтер коюлган. Мисалы ырчы-чоорчу менен тамадаларга бир айлык патенттин баасы Нарын шаарында 500, Баткен калаасында 750 сом болсо, Токмокто 1,5 миң сом, Ош шаарында 2 миң сом. Эң жогорку баа Бишкекте, 2,5 миң сом.

Ушул эле коомдук тамактануу жайларынын санын өлкөдөгү социалдык объектилер жана мечиттер менен салыштырып көрүүнү чечтик. Анын жыйынтыгында мечиттер сап башына чыкты.

Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Миллиондогон сомдор! Маршруткаларды өкмөткө өткөрсөк канча акча түшмөк?
Ден соолук жагынан алганда, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда жалпы 135 оорукана бар. Мындан сырткары, 64 бейтапкана, анын курамына 1038 Фельдишердик-акушердик пункт (ФАП) жана 715 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) кирет. Ал эми стоматология, клиника сыяктуу жеке медициналык мекемелердин саны 2617ге жетет. Баса, Кыргызстанда 443 тез жардам унаасы бар экен, бирок учурда анын 334үнүн гана төрт дөңгөлөгү айланып жүрүп жатат. Өлкө дагы 228 унаага муктаж болуп турганы айтылды.

Билим берүү мекемелери да тамактануучу жайларды кууп жете албайт. Жеке менчик жана мамлекеттик экенине карабай эсептегенде 2262 мектеп жана 1390 бала бакча бар

Баарын салыштырып бүткөндөн кийин Sputnik Кыргызстан агенттиги иштеп чыккан калькулятор менен ресторандагы банкетке жана меймандар үчүн оюн-тамаша программасына канча акча кетерин өз алдыңызча эсептеп көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0