Кол чатыр керекпи? Дем алыш күндөрүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Бишкек жана Ош шаарларында эс алуу күндөрү жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы дем алыш күндөрүнө карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык ишемби, жекшемби күндөрү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолорго кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот.

Борбор калаанын башчысы Азиз Суракматов Ала-Арча дарыясынын жээгин бекемдөө иштери менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри "Ала-Арча" дарыясын жээктеп кыдырды. Сүрөт
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүзү 23…28 градус жылуу болору айтылды. Талас облусунда абанын температурасы түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түндө 11…16, күндүз 25…30 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдө түнү 6…11, күндүз 19…24 градус жылуу болору күтүлөт. Тоолуу Нарын облусунда абанын температурасы түнкүсүн 4…9, күндүзү 20…25 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында эс алуу күндөрү жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Борбор калаада түнкүсүн 9…11, күндүзү 25…27 градус жылыса, Ош шаарында күндүн табы түнкүсүн 14…16, күндүзү 28…30 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0