Кыргызстандыктар этти мурдагыдан да көп жей баштады. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековПриготовление полторы тонны бешбармака в Бишкеке
Приготовление полторы тонны бешбармака в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статком негизги тамак-аш боюнча анализ жүргүзгөн.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандыктар картошка менен нанды азыраак жеп, рациондо жемиш менен эттин көбөйгөнүн байкоого болот. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин келтирген маалыматында айтылат.

Статком былтыркы менен быйылкы жылдын алты айын салыштырган. Анда киши башына ай сайын кеткен тамак-аштын көлөмү иликтенген.

Былтыркы жылга салыштырмалуу кыргызстандыктар эт, эт азыктарын, кант, мөмө-жемиш, жашылчаны көбүрөөк жей баштаган. Андан тышкары, рациондо майдын, сүт жана сүт азыктарынын көбөйгөнү айтылат.

Ал эми картошка менен нан азыктары азыраак желген.

Жаңылыктар түрмөгү
0