Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр ФедоровБишкек — Ош жолундагы автоунаалар. Архив
Бишкек — Ош жолундагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-сентябрда бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 11-сен — Sputnik. Кыргызстандын айрым райондорунда шаршемби күнү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, Чүй өрөөнүндө +20…+25, Таласта +19…+24 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +25…+30 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл облусунда +17…+22, Нарын аймагында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +22…+24, Ошто +28…+30 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0