Кыргызстанда маммүлктү ижарага алуу үчүн соодалашуу электрондук форматка өтөт

Жазылуу
Ведомстводон маалымдашкандай, мындай өзгөчөлүк соодалашуунун акыйкаттуу өтүшүнө шарт түзөт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соодалашуу үчүн электрондук аянтчаны ишке киргизгени жатат. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маммүлк фонду мамлекеттик мүлктү ижарага алуу боюнча аукционго катышуу үчүн топтолгон кагаз жүзүндөгү документтерди 30-сентябрга чейин гана кабыл алат.

Ал эми 10-октябрдан тарта аукциондор etp.okmot.kg электрондук порталы аркылуу өтө баштайт.

Сайттан иш жүргүзүү үчүн бир нече шарттарды аткаруу керек:

— Порталга катталып, валидациядан (электрондук кол тамга жана биометрикалык паспорттогу маалыматтар) өтүү;

— Уюмдар каттоодон өтүп, соодалаша турган объектини көрсөтүп, ал тууралуу маалыматты жүктөп, соодалашуу аяктаганда келишимге кол коюушу керек;

Маммүлк мындай өзгөчөлүк — тез жана ыгайлуу издөө, рынокту кеңейтүү, ачыктык, убакыт менен каражатты үнөмдөө, соодалашууга каалаган өлкөдө туруп катышуу, чыныгы атаандаштык жана катышуучуларга тең укук түзүп берүү сыяктуу жеңилдиктерди берерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0