Кыргызстанда өзгөчө 10 унаа номердин ар бири 100 миң сомдон сатылды

Жазылуу
Өзгөчө номерлерден түшкөн каражаттын бардыгы мамлекеттин бюджетине түшөт.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан өзгөчө 10 унаа номеринин ар бири 100 миң сомдон сатылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Сатылган номерлер:

— AMG;
— DXB F3;
— RIS;
— LEXUS;
— VIP 01;
— LX1AAA;
— NOK 01;
— NOK 02;
— NOK 03;
— NUZHDOV.

Жолго орнотулган камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендер өттү. Ким канча сунуштады
Мамлекеттик каттоо кызматы сатылган номерлерден түшкөн каражаттын бардыгы мамлекеттин бюджетине кете турганын айтты. 2016-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта сатылган өзгөчө номерлерден бюджетке 37 миллион сом түшкөн.

Белгилей кетчү жагдай, өзгөчө номерлерди сатып алуу үчүн атайын шарт-талаптар бар. Мисалы, номер үчүн банк аркылуу төлөм жүргүзүү менен Транспорт жана айдоочулук түзүмдү каттоо департаментине арыз таштоо керек.

Ошондой эле номерлерди даярдоо боюнча да эреже каралган:

— номердин пластинасы ак түстө болуп, Кыргызстандын желеги түшүрүлөт;

— номерге сандык символдорду (араб) жана латын алфавитинин баш тамгасын жазууга жол берилет;

— номерде жок дегенде эки тамга болушу керек, ал сандын баш жагында жайгашуусу шарт;

— Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын аббревиатураларын жазууга болбойт;

— номерде Кыргызстандын конституциясына, суверендүүлүгүнө жана аймактык бүтүмдүгүнө шек келтирген, башка элди келекелеген, согушка чакырык жасаган символдордун жазылышына жол берилбейт;

— сөгүнгөн сөздөрдү жазууга болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0