Сентябрда аба ырайы кандай болот. Кыргызгидрометтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековПоражение дубов минирующим пилильщиком в Бишкеке
Поражение дубов минирующим пилильщиком  в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет сентябрь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Көпчүлүк аймактарда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болот.

Чүй өрөөнүндө +17…+19, Талас өрөөнүндө +14…+16 градус жылуу болушу күтүлөт. Тоо этектеринде жана Кеминде +13…+15 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 жылуулуктан +10…+15 жылуулукка чейин, күндүз +20…+25 градустан +27…+32 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жара в Японии - Sputnik Кыргызстан
Японияда май айынан бери ысыктан 144 адам көз жумду
Кемин, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн +1…+6 жылуулуктан +7…+12 жылуулукка чейин, айдын экинчи жарымында 0…-2 чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы күндүз +19…+24 жылуулуктан +25…+30 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн (Чүй өрөөнүндө 15-22 мм, Талас өрөнүндө 11-14 мм, тоо этектеринде 19-32 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан +1 градус жогору болуп, +19…+21, тоо этектериндеги райондордо +15…+17 жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9…+14 жылуулуктан +15…+20 градуска чейин, күндүз +24…+29 жылуулуктан +30…+35 жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 жылуулуктан +9…+14 жылуулукка чейин, күндүз +20…+25 жылуулуктан +26…+31 жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу кабарланды (өрөөндөрдө 7-13 мм, тоо этектериндеги райондордо 11-34 мм).

Фонтанда ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келерки беш жылдагы ысык рекорддук көрсөткүчкө жетет
Ысык-Көл облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан +1 жогору болуп, +14…+16 жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн +3…+8, күндүз +23…+28 градустун тегерегинде болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу айтылды (11-33 мм, чыгышында 39-57 мм).

Нарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан +1 градуска жогору болуп, +13…+15 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23 градустан +24…+29 градуска чейин ысык болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (7-15 мм).

Жайыт зоналары:

Фонтанга түшүп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар 2080-жылы ысыктан көз жумгандардын саны беш эсе өсөрүн эскертти
Алайда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан бир градуска жогору болуп, +5…+7 жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градус, күндүз айдын биринчи жарымында +13…+18, айдын экинчи жарымында +10…+15 градус жылуу болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу айтылды (15-17 мм).

Суусамыр өрөөнүндө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, +8…+10 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 сууктун тегерегинде болуп, күндүз +15…+20 жылуулуктан +21…+26 жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (36-38 мм).

Жаңылыктар түрмөгү
0