Көчмөндөр оюну: Кырчында кырчылдашчу акындар аныкталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын-импровизатор Азамат Болгонбаев
Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тандоо түрү 15-августта өтүп, ага 32 төкмө катышкан.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун алкагында Кырчын жайлоосунда өтө турган XII Эл аралык айтышта күч сынаша турган кыргыз акындары тандалганын "Айтыш" коомдук фондусунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Эскерте кетсек, айтыштын тандоо туру 15-августта өтүп, ага 32 төкмө катышкан.

"Натыйжада иш-чарага Амантай Кутманалиев, Изат Айдаркулова, Идрис Айитбаев, Баян Акматов, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Кубат Тукешов, Жылдызбек Төрөканов катышмай болду", — деди акын.

Айтыштын байге фондусу эки миллион сом экени, ага казак акындары чакырылып, кош байге сайылганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0