Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖайлоо. Архив
Жайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 15-августта күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматта шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетери айтылган.

Чүй өрөөнүндө 30…35, Таласта 28…33 градус ысык болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы 31…36 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көлдө 24…29, Ал эми Нарында 23…28 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында ысыктын күчү 32…34 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0