Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 12-авг — Sputnik. 13-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +23…+28 градуска жетет.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +21…+26, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37 градус ысык болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын температурасы +26…+31 градус болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0