Дем алыштагы аба ырайы. Кээ бир жерде сууктун күчү -3 градуска жетет дешти

Жазылуу
Ишемби күнү бир катар аймактарда күн 39га градуска чейин ысыйт

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп турат. 11-августта күн ачык болот. Эртеси, 12-августта, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордогу жайлоолордо жамгыр карга айланышы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36 градус болот. Баткенде түн +19…+24, күндүз +34…+39га чыгат.

Дождь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы төмөндөйт
Ош менен Жалал-Абадда түнү 20…25, күндүзү 33…38 ысый турганы кабарланды. Ысык-Көлдө +13…+18, күндүз +26…+31 градус болот. Нарын облусунда термометр +11…+16, ал эми күндүз +28…+33 градусту көрсөтөт.

12-августта күндүн абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүзү 22…27, Таласта түнкүсүн +14…+19, күндүзү +20…+25, Баткенде, Ош менен Жалал-Абадда түнү +19…24, күндүзү +24…+29 болору айтылды. Ысык-Көлдө түнү +13…+18, күндүзү +20…+25, ал эми Кумтөр капчыгайында түнү сууктун күчү +2ден —3 градуска жетери айтылды.

Ал эми тоолуу аймак Нарында түнү 11…16, күндүзү 19…24 жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0