Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр ФедоровБурана комплекси. Архив
Бурана комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 9-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда +32…+37, Таласта +30…+35 градуска жетсе, Ысык-Көл жана Нарын аймагында 27…32 градуска дейре ысык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Беткен облустарында күндүн табы +32…+37 градуска чыгат.

Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы 35…37 градус ысык болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0