Өлкөдөгү мектептердин бардыгы жыл аягында интернетке туташып бүтөт дешти

© Sputnik / Эмиль СадыровМектептеги окуучулар. Архив
Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр мамлекеттик мектептердин 1451и же 67 пайызы интернет менен камсыздалгандыгын айтты.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы бардык мектептер 2018-жылдын аягына чейин интернет байланышы менен толук камсыздалышы керек. Бул тапшырманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү тараптарга бергендигин өкмөттүн маалымат кызматы жазды.

Бул маселе кечээ өкмөттө өткөн жыйында айтылган.

"Эгерде окуу жылынын башталышына карата мектептердин 80 пайызы интернетке кошулса, анда жыл аягына чейин камсыздоо 100 пайыз болушу керек. Бул иштер белгиленген мөөнөттө так бүткөрүлүүсү шарт", — деген Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине тапшырма берип жатып.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мамлекеттик мектептердин жалпы санынан 1451 мектеп же 67 пайыз интернет менен камсыздалгандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0