Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусундагы унаа жолу. Архив
Талас облусундагы унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүз күн күркүрөшү мүмкүн.

БИШКЕК, 1-авг — Sputnik. Кыргызстанда 2-августта жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда 25…30, Таласта 24…29 градусту түзөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында күндүн табы 30…35 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көл жана Нарында 21…26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкекте абанын температурасы 28…30, Ош шаарында 33…35 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0