Таш кулап, бир турист өлгөн Скрябин мөңгүсүнө Казакстандан тик учак келе жатат

© Фото / ГПС КРТоодогу тик учак. Архив
Тоодогу тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык дүйшөмбү күнү түштүн кийин болгон.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Таш кулап, бир турист каза болгон Скрябин мөңгүсүнө Казакстандан тик учак учуп келе жатканын КР ӨКМинин маалымат кызматынан билдиришти.

Вторые соревнования Аскер шумкарлары Генерального штаба Вооруженных сил КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кимдин тик учагы бар? Тизме
Эске салсак, Аламүдүн районуна караштуу деңиз деңгээлинен 4100 метр бийиктикте жайгашкан №9 Скрябин мөңгүсүнөн таш кулап жети турист жабыркаган. Кийин белгилүү болгондой, ал жерде жети эмес, сегиз турист болгон. Алардын төртөө Казакстандын, төртөө Россиянын жарандары. Каза болгон адам коңшу мамлекеттин жараны экени айтылды.

Бүгүн эртең менен саат 7.00дө куткаруу операциясын аткаруу максатында Алматы шаарынан Казакстан ИИМинин өзгөчө кырдаалдар комитетинин тик учагы учуп чыкканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0