Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу боюнча мыйзамга өзгөрүү кирди

Жазылуу
Максат жергиликтүү кеңештердин депутаттарын төш белгилер менен камсыздоо тартибин өркүндөтүү экендиги айтылган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңеш аталган документти 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алган.

Мыйзамдын максаты — жергиликтүү кеңештердин депутаттарын төш белгилер менен камсыздоо тартибин өркүндөтүү.

"Мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүсүн, ошондой эле алар жөнүндөгү Жобону мыйзам аркылуу эмес, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилиши каралган", — деп жазылган маалыматта.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0