Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие купального сезона на озере Иссык-Куль
Открытие купального сезона на озере Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамалдын багыты секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-июл — Sputnik. 21-июлда өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты секундасына 1-6 метрге жетип, өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

ӨКМдин алдындагы гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Асанходжаев: аба ырайынын 50 градустан жогорулашы мүмкүн эмес
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38 градуска жетет. Таласта +31…+36 градус болушу күтүлөт. Нарын аймагында +28…+33 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көл өрөөнүндө +23…+28, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында термометр +34…+39 градусту көрсөтүп турары айтылды.

Ош шаарында +38 +40, Бишкекте +36…+38 градус ысык болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0