Бишкек: ичип алып 5-кабаттан кулаган кыздын омурткасы сынды

© Sputnik / Эмиль СадыровКөп кабаттуу үйлөр. Архив
Көп кабаттуу үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 18-июлда 9.20ларда болгон.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Токтогул көчөсүндөгү №250 үйдүн бешинчи кабатынан 28 жаштагы кыз кулап кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал үйдүн эшигинин калкалагычына түшкөн.

"Окуя 18-июлда болжол менен 9.20да болуп, ӨКМдин куткаруучулары ал жерден кызды алып түшүп, Тез жардамга өткөрүп берген", — деп айтылат маалыматта.

Окуядан кабары бар маалымат булагы Sputnik Кыргызстан агенттигине кыз терезеден кокусунан кулагандыгын жана мас экендигин айтты. Кырсыктан улам анын омурткасы бир нече жерден сынып кеткендигин жана эсин жоготуп койгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0