Дем алышка карата аба ырайынын божомолу

© AFP / JORGE GUERREROКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн бир катар аймактарында күн күркүрөп, өткүн өтөт.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, ишемби күнү түнкүсүн Чүйдө 15…20 градус жылуу болсо, күндүз 29…34 градуска чейин ысыйт. Таласта түндө 11…16 градус жылып, күндүз 33 градуска дейре көтөрүлөт.

Нехватка питьевой воды в новостройкахАрча-Бешик и Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Таза сууга жетпеген бишкектиктер кимге кайрылса болот? Номерлер
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 17…22 градус жылуу болсо, күндүз күндүн табы 31…36 градуска чейин жетет.

Ысык-Көлдө менен Нарында түндө 7…13 градус жылуу болсо, күндүз 20…25 градуска чейин көтөрүлөт.

Жекшембиде аймактарда аба ырайы олуттуу өзгөрбөйт.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында ишемби жана жекшемби күндөрү аба ырайы бирдей болот. Бишкекте түнкүсүн 17…19 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 31…33 градуска чейин жогорулайт. Ош шаарында түнкүсүн 22 градуска чейин жылуу болуп, күндүз 34…36 градус ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0