Жума күнгө карата аба ырайы. Эң ысык аймак Баткен болот

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кулунду Лейлекского района Баткенской области
Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең облустардын ичинен эң ысыгы Баткен, салкыны Ысык-Көл болот дешти.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанда күндүн ысыгы кээ бир аймактарда 39 градуска чейин ысыйт. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Ысык-Көл, Нарын дубандарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде өткүн өтөт. Өрөөндөргө жамгыр жаабайт.

Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндүзү +34…+36, ал эми Ош шаарында түнүсүн, +22…+24, күндүзү +36…+38 градус ысык болот.

Ал эми эртең аймактардын эң ысыгы Баткен, салкыны Ысык-Көл болот дешти.

Чүйдө термометр түндө +17…+22, күндүз +31…+36, Таласта түнкүсүн +11…+16, күндүзү +29…+34 градусту көрсөтөт.

Ош менен Жалал-Абадда аптап кайтпайт, тагыраагы түнкүсү +19…+24, күндүзү +33… +38 ысык болот. Баткенде андан да ысып, түнкүсү +20…+25, күндүзү +34…+39 градуска көтөрүлөт.

Нарында күндүн табы түшүп, түнү +8… +13, күндүзү +22… +27 градус болот. Учурда туризм күчүндө турган Ысык-Көлдө термометр түнкүсүн +10…+15, күндүзү +21…+26 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0