Ысык-Көлдө күн кандай болот? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Апта ичи тоолуу аймактарга гана жаан жаап, башка жерлерде күн ысык болот.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка караганда, апта ичи тоолуу аймактарга гана жаан жаап, башка жерлерде күн ысык болот.

Монреаль шаарында фонтандын жанында ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канададагы ысык 17 кишинин өмүрүн алды
9-10-июлда көпчүлүк аймактарда күн ачык болуп, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарында абанын температурасы 40 градуска жетет. Нарын менен Ысык-Көлдө 31…36 градуска жогорулайт.

11-12-июль күндөрү күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүйдө абанын температурасы 34…39 градуска жетсе, Нарын менен Ысык-Көлдө 31…36 градус нөлдөн жогору болот. Ал эми Таласта 33…38 градус ысык болушу божомолдонууда.

13-14-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйкачылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0