Кыргызстанда смартфондорду каттоодон өткөрүү сунушталууда

© AFP / NELSON ALMEIDТелефонго тартып жаткан адамдар. Архив
Телефонго тартып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жана технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитет телефондорду каттоодон өткөрүүнүн зарылчылыгын түшүндүрдү.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Маалымат жана технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитет телефондорду каттоодон өткөрүүнүн зарылчылыгын түшүндүрдү.

Кыргызстанда байланыш түзүмдөрүн каттоо сунушталып жатат, арасында смартфондор да бар.

Пресс-конференция перед журналистами в Доме Правительства о выборном процессе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кылмыштарды электрондук китепке каттоо долбоору иштелип чыкты
Долбоордун жобосу өкмөткө караштуу Маалымат жана технологиялык байланыш боюнча мамлекеттик комитет тарабынан даярдалып, министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылган. Учурда коомдук талкуусуна коюлду.

Эгер жобо кабыл алынса, сырттан алып келинген смартфондордун IMEI-коддору мамлекеттик идентификациялоо системасынын каттоосуна киргизилет. Бул жеке колдонуу үчүн да, сатуу үчүн да алып келинген өндүрүмгө байланыштуу. Ошондой эле буга чейин колдонулгандар да катталат.

Маалыматка ылайык, смартфондорду идентификациялоо өлкөнүн рыногун кооптуу продукциядан коргоп, телефон уурдоонун санын азайтат. Ошондой эле мекеме мындай сунуштар Түркияда, Арменияда ийгиликтүү ишке ашып жатканын кошумчалады.

Ал эми кыргызстандыктардын учурда колдонуп жаткан смартфондору кандай ыкма менен каттоодон өтө тургандыгы айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0