Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 3 июл — Sputnik. 4-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй жана Талас облусунда абанын температурасы 24…29 градус болот. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ысыктын күчү 26…31ге жетет. Ысык-Көл менен Нарында 20…25 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 28…30 градуска чейин ысый турганы божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0