Айнаш Токбаева: Кыргызстанда сотко кайрылгандардын саны көбөйдү

Жазылуу
2016-жылга салыштырмалуу былтыр сотко кайрылгандардын саны 12,2 пайызга жогорулаган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2017-жылы жарандардын жана юридикалык тараптардын сотко кайрылуулары көбөйдү, демек сотко ишеним арткандардын саны өсүп бара жатат. Мындай пикирин журналисттер менен жолугушуу учурда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева билдирди.

"Биринчи инстанциядагы соттор чыгарган соттук актылардын 89 пайызы мыйзамдуу күчүн сакталууда. Демек бул көрсөткүч чыгарылган соттук актыларга тараптар макул экенинен кабар берет жана сотторго болгон ишенимдин көрсөткүчү болуп саналат", — деди Токбаева.

Анын айтымында, 2016-жылга салыштырмалуу былтыр сотко кайрылгандардын саны 12,2 пайызга жогорулап, биринчи инстанциядагы соттордун иши нормативде белгиленгенден үч-төрт эсеге көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0