Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ишемби күнү тоолуу райондордо жамгыр жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта 30…33, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 31…36, Ысык-Көл менен Нарында 24…29 градус ысык болот.

Борбор калаа менен Ошто күн ачык болуп, 33…35 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0