Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Шаршемби күнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 26…31 градуска ысыса, Таласта 24…29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 27…32, Ысык-Көл менен Нарында 21…26 градус аптаптуу болушу күтүлөт.

Борбор калаада күн күркүрөп 29…31, Ош шаарында 30…32 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0