Кайсы күндөрү жаан жаайт? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Апта ичи күн күркүрөп жамгыр жааганы менен, көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 30 градустан жогору болот.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка караганда, апта ичи күн күркүрөп, жамгыр жааганы менен көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 30 градустан жогору болот.

25-26-июнь күндөрү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 24…29, Таласта 22…27, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30, Ысык-Көл менен Нарында 19…24 градус ысык болот.

Озера на территории Карагачевой рощи - Sputnik Кыргызстан
Июль айына карата аба ырайы
27-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бирок абанын температурасы көтөрүлүп Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 29…34, Чүйдө 27…32, Таласта 26…31 градус ысык болушу болжолдонууда. Нарын, Ысык-Көл облусунда салыштырмалуу 21…26 градус салкыныраак болот.

28-29-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы көпчүлүк аймактарда жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0