Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКөлчүктөгү жалбырактар. Архив
Көлчүктөгү жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү бийик тоолуу райондордо өткүн өтүп, жамгыр жааса, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 25…30, Таласта 23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30, Ысык-Көл менен Нарында 20…25 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жамгыр жаап, абанын температурасы 27…29 градуска жетсе, Ошто күн ачык болуп, 28…30 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0