Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин 18-июнь күнү жарыксыз калчу аймактары. Тизме
Маалыматка ылайык, 18-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Чүйдө 27…32 градус ысык болсо, Таласта күндүн табы 25…30 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абадда 27…32 градус ысык болушу күтүлөт. Ысык-Көл менен Нарын облусунда 21…26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкекте абанын температурасы 31…33, Ош шаарында 32…34 градуска чейин жогорулап, жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0